
Борбор калаанын Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө 10- жана 11-августта даректүү жана толук метраждуу көркөм тасмалар көрсөтүлөт. Иш -чаралар Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинен билдиришти.
Уюштуруучулар көрүүчүлөргө алты даректүү жана эки толук метраждуу тасманы сунушташат.
Документалдуу фильмдерди биздин режиссерлор 2000 -жылдан 2021 -жылга чейин жаратышкан. Бул республиканын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, белгилүү кинорежиссерлор тууралуу сүрөттөр.
10 -августта 14: 00дөн 15: 30га чейин көрүүчүлөр төмөнкүлөрдү көрө алышат.
1. Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевдин кино-портрети.
2. Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган тасмасы.
3. СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгы баяндалган тасма.
4. Кыргызстандын искусствого эмгек сиңирген ишмери, даректүү кинорежиссер Лила Турусбековага арналган "Биринчи карлыгач" кино-портрети.
5. Кыргызстандын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, оператор Кадыржан Кыдыралиев тууралуу айтып берген "Кадрлар баарын чечет" кинофортрети.
6. Улуттук анимациянын калыптанышы жана өнүгүшү тууралуу "Кыргыз анимациясына - 40 жыл" тасмасы.
11-августта коомчулук толук метраждуу көркөм тасмаларды көрө алат:
1. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында тартылган Эрнест Абдыжапаровдун Айыл өкмөтү тасмасы. Саат 11:00 башталат.
2. "Аманат фильм" студиясында түзүлгөн Руслан Акундун Көк-бөрү тасмасы. Саат 14: 00дө башталат.