Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү эки эсе азайды

Кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздиги Кыргызстандагы негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн бир кыйла азайышына алып келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте кумшекер менен майдын баасын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Быйылкы аномалдуу жогорку температуранын жана өсүмдүктөрдүн өсүү мезгилинде сугат суусунун жетишсиздигинен улам буудайдын дүң жыйымы 41,4 пайызга, арпа 57,9 пайызга, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 31,2 пайызга, картошка 6,3 пайызга жана бакча өсүмдүктөрү 3,5 пайызга кыскарган.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230,7 миң гектар аянттан жыйналган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга аз, 285 миң тоннага жакын же 52 пайызга аз дан бастырылганынан кабар берет.

Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жашылчанын дүң жыйымы 8,2 пайызга өскөнү белгиленди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД