Жээнбек Кулубаев Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө башчы болду

Жээнбек Кулубаев Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садырт Жапаров кол койгон.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы 5-апрелде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда туулган.

Билими: Москвадагы аскердик институтту, кийин Кытай ТИМинин дипломатиялык институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

1992-1996 - Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган;

1996-1998 - КР ТИМинин Азия жана Африка боюнча башкармалыгынын башчысы;

1998-2000 - Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде кеңешчи;

2001-2003 - КР ТИМинин Чыгыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын башчысы;

2003-2004 - тышкы иштер министринин орун басары;

2004-2006 - ШКУ катчылыгынын аткаруучу директору (Пекин шаары);

2006-2007 – КР ТИМинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;

2007-2009 - Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси; 2009-2013 - Кыргызстандын Кытай, Монголия жана Сингапурдагы элчиси;

2013-2016 - КР ТИМинин Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча департаментинин директору;

2016-2018 - КР ТИМинин Саясат департаментинин директору;

2018-2021 - Кыргызстандын Казакстандагы элчиси; 2021-жылдын 9-августунан тарта КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД