Баткен облусундагы курулуштар жарым-жартылай бүтүп калды

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган 5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАПты куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди.

8 объектти курууга жана капиталдык ремонттон өткөрүүгө 250 млн. сом каралган, учурда 150 млн. сому каржыланган.

Курулуп жаткан объекттер:

Ак-Сай айылындагы Ходжаев атындагы мектеп, Ак-Сай айылындагы ФАП, Кызыл-Бел айылындагы 225 окуучуга ылайыкталган мектеп, Максат айылындагы мектеп (капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө). Борбордук айылындагы 225 окуучу орундуу мектеп, Маргун айылындагы 225 окуучу орундуу мектеп, Кулунду айылындаты 140 орундуу бала бакча, Интернационал айылындагы 100 орундуу бала бакча.

Архитектура агенттиги куруу-калыбына келтирүү жумуштары эки нөөмөт менен аткарылып жатканын билдирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД