Эдуард Кубатов Эвересттин чокусунан кыргызстандыктарга кайрылды. Видео

Эверестке чыккан Эдуард Кубатов Жер шарынын эң бийик чокусунда туруп кыргызстандыктарга кайрылган видеосу менен бөлүштү.

Альпинист Facebook баракчасына жарыялаган видеосунда жеңишин кыргыз элине арнай турганын айткан.

"Кыргыз элим, бүгүн, 23-майда, 8 саат 35 мүнөттө Эвересттин чокусуна чыктым. Кыргыз элим, касиеттүү менин мекеним, ушул жеңишимди силерге арнайм. Эркиндигибизди, касиетүү жерибизди, эгемендүүлүгүбүздү сактап калалы", - деген ал.

Кыргызстандык Эдуард Кубатов 23-май күнү "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эверестти багындырган.

Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган. Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген.

Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп чокуга 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.

Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет.

Мекендешибиз Эверестке сапар алганда Sputnik менен маектешкен болчу.

Видео https://www.facebook.com/eduard.kubatov/videos/1712642648918848/?t=13


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД