Асланбек Сартбаев: Мен элди бөлүп-жарбайм! Биригели!

Журналист Асланбек Сартбаев УКМКда сурак берип чыкты. Бул тууралуу өзү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Ал сурактан түндө чыкканын, УКМК кызматкерлери басым кылбаганын жазыган.

"Кечээ түндө чыктым сурактан. УКМК кызматкерлери менен калыс маанайында баарлаштык. Психологиялык жактан басым кылышкан жок. "Оштук ромашка" деген сөзүм үчүн кечирим сурадым. Мен элди бөлүп-жарбайм! Биригели! "Аслан камалсын!" деп жазгандарга сабыр тилейм! "Иттин ээси болсо, бөрүнүн Кудайы бар" дейт", - деп жазган Сартбаев.

Эскерте кетсек, жакында эле Ош шаарынын мэрлигинен которулуп Бишкеке келип мэрдин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашов тууралуу Журналист Асланбек Сартбаев билдирүү жазган. Анда аны сындап "Оштук ромашка" ж.б. сөздөрдү колдонгон. Бул билдирүүсү коомчулукта катуу сынга кабылып, аймак аралык кастыкты козутууда деп аны айыптап чыгышкан.

Кечээ, 9-августта аны УКМКга суракка чакырышканы кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД