Кыргызстанда автомектептердин санын азайтуу сунушталууда

Айдоочулук күбөлүк алууга окуткан автомектептердин санын кыскартып, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү керек. Бул туурасында ИИМдин коомдук кеңешинин жетекчиси Ялкун Даутов Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин жарандык коом менен жолугушуусунда билдирди.

Ал жол кырсыктарынын көп катталышынын бир себеби коррупция деп эсептейт. Жарым жылдын ичинде 340 жаран жол кырсыгынан көз жумганын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө айдоочуларды даярдаган 235 мектеп бар, былтыр 119 мектеп лицензиялык талаптарга жооп бербейт деп эскертүү алган. Коррупциянын баары мына ошол жерден башталат. Айдоочулук күбөлүктү сатып алат, жол эрежесин билбейт. Анализдеп көрсөк, жол кырсыктарынын 50-70 пайызы айдоочулук күбөлүктү алганына бир жыл толо элек айдоочулардын катышуусунда болгон. Андыктан жеке мектептердин санын кыскартып жана аларга мамлекеттик көзөмөлдү күчөтсөк жакшы болмок", - деди Даутов.

Учурда президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жарандык сектор менен биринчи жумушчу жолугушуусун өткөрүп жатат. Алар Жогорку Кеңештин жыйындар залына чогулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД