Казакстанда октябрдан баштап балдарга,кош бойлууларга вакцина сайылат

Казакстанда октябрь айынан тарта 12 жаштан жогорку курактагы балдар менен кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмделе баштайт. Бул тууралуу Казахстандын маалымат каражаттарынында жазылууда

Бул үчүн АКШлык компания өндүргөн Pfizer вакцинасы колдонулары айтылат.

"Октябрь айынын башында Pfizer вакцинасы алып келинип, кош бойлуу аялдарга колдонуу пландалууда. Ошондой эле 12 жаштан өткөн балдарды ата-энесинин уруксаты менен эмдөөгө болот", - деп айтылат макалада.

Эске салсак, өткөн айдан тарта Россиялык "Спутник V" вакцинасын дагы 12-17 жаштагы өспүрүмдөргө пайдалануу боюнча клиникалык изилдөө башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД