Мындан ары Транспорт жана коммуникациялар министрлигин Осоев Эркинбек Арстанбекович жетектейт. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы бүгүн, 10-августта билдирди.
Мурунку министр Гүлмира Абдралиева башка ишке өткөнүнө байланыштуу министрлик кызматтан бошотулганы белгилүү болду.