Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар кандай форматта иштей турганы 20-августтан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева маалымдаган.
Анын айтымында, азыр мектептер менен бала бакчаларда ремонт иштери аяктап жатат.
"Мугалимдер менен мектеп директорлору эс алуудан келишип, жаңы окуу жылынын башталышына даярдыктарды көрүп жатышат",-деп айтты ал.
Вице-мэр белгилегендей, азырынча мектептер кандай форматта ишин баштай турганы тууралуу чечим жок.
"Биз балдардын офлайн-окуусун каалайбыз. Окуучуларды партага отургузуу керек, анткени билим берүүнүн коэффициенти менен деңгээли төмөндөп жатат. Азыр мугалимдерди эмдөө иштери боюнча маселени чечип жатабыз",-деп айтты вице-мэр.