Өмүрбек Бабанов Кыргызстандан чет өлкөгө чыгып кетти

"Кумтөр иши" боюнча камакка алынып, чет өлкөдө дарылануу үчүн бошотулган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев "Азаттыкка" билдирди.

Ал Бабанов кайсы өлкөгө кеткенин айткан жок. 24.kg маалымат агенттиги Бабанов Бишкек - Москва аба каттамы аркылуу 5-августта учуп кеткенин жазып чыкты.

"Кумтөр иши" боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 27-июлда камактан бошотулган.

Атайын кызмат Бабановдун ден соолугу начарлап кеткенин жана чет өлкөдө медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулары бар экенин көрсөткөн медициналык документтер алынганын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД