Күйөөсүнөн өч алгысы келген.ЦУМдагы бомба тууралуу чалган аял кармалды

Милцияга чалып "Айчүрөк" соода борборундагы (ЦУМ) бомба тууралуу жалган маалымат берген 27 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү (Террордук акт тууралуу жалган маалымат берүү) боюнча кылмыш иши ачылган.

УКМК аныктагандай, ал "Чынар" (ГУМ) соода борборундагы уюлдук операторлорунун биринин бөлүмүнөн сим-карта сатып алып, милицияга "Айчүрөк" соода борборундагы бомба жана кишилер туткунга алынганы тууралуу кабарлаган.

Алдын ала маалымат боюнча, ал муну "Айчүрөк" соода борборунда иштеген күйөөсү менен урушуп кеткендиктен жасаган.

Ошол эле учурда анын өнөктөштөрү жана уюштуруучулар бар же жогу текшерилүүдө.

УКМК жарандарды жогорудагыдай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырып, террордук акт тууралуу жалган маалымат бергендерге 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-августта саат 16:15терде милицияга ЦУМда колунда баштыгы бар хижабчан шектүү аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция, УКМК кызматкерлери барган. Имарат курчоого алынып, соода борбордогу адамдар сыртка чыгарылган. Бирок ал маалымат тастыкталбагандыктан, курчоо кайра алынган.

Андан кийин "Чынар" соода борбору курчоого алынып, ал жакта да бомба тууралуу маалымат ырасталган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД