Владимир Жириновский башында турган Россиянын либерал-демократиялык партиясы Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдында нааразычылык акциясын өткөрдү. Бул тууралуу Жириновский өзүнүн Телеграмдагы каналында билдирди.
Анын айтымында, алар Россиядагы кыргыз жумушчуларынын санын азайтып, Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды азайтууну талап кылышты.
Жириновский нааразычылык акциясын өткөрүүгө Бишкек шаарындагы "MagicCity" көңүл ачуучу жайында орун алган окуя себеп болгонун билдирди.
Ал жакта эркек киши аталган борбордун кызматкерин (кыз киши) кыргыз тилинде сүйлөбөгөндүгү үчүн калькулятор менен чапкан.