Кыргыз элчилигинин алдына митингге чыккан Жириновский менен элчи жолукту

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Клара Самат Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августта Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жанында В.Жириновский башында турган ЛДПР партиясынын мүчөлөрү тарабынан уюштурулган митингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат ЛДПРдин өкүлдөрү менен биргеликте Владимир Жириновскийди жолугушууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында балдар оюн-зоок борборундагы окуяга байланыштуу Кыргызстанда болгон кырдаалга көңүл бурушту.

Элчи, мындай көрүнүштөр жана провокациялар кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, бул учур күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, бул маселе боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын белгиледи.

Тараптар мындай кырдаалды эки тараптуу мамилелерди туруксуздаштырууга кызыкдар адамдар колдонушу мүмкүн экенине макул болушту, демек, мындай окуялар өз ара мамиленин начарлашына негиз боло албайт деген пикирлерин билдиришти.

Мындан тышкары, Элчи Г.-К.Самат белгилегендей, Кыргыз Республикасында орус тили расмий тил болуп саналат, ал Кыргызстан элдеринин бардык улуттарынын ортосундагы баарлашуу тили жана КМШ өлкөлөрүнүн маданий тили катары кызмат кылат.

Муну менен бирге Элчи Кыргыз Республикасы ар дайым Россия менен эки тараптуу мамилелерди бардык багытта өнүктүрүүнү жактай турганын белгиледи. Теманы улантып, Г.-К.Самат ушул жылдын 19-августунда Чолпон-Атада "ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү" аттуу III кыргыз-россия бизнес форумун өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Өз кезегинде Мамлекеттик Думанын депутаты алдыдагы бизнес -форумга катышууга кызыкдар экенин билдирди жана жолугушууга катышкан ЛДПРдин өкүлдөрүнө өлкөнүн экспорттук өнүгүү потенциалы менен таанышуу жана Кыргызстандын туризм, мал чарбасы жана агрардык сектор чөйрөсүндөгү бизнес коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасына барып келүү сунушун киргизди.

Ошондой эле В.Жириновский Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Ч.Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону сунуштады.

Мамлекеттик Думанын депутаты өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү керектигин белгилеп, Кыргызстанда россиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Россиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы учурдагы эки тараптуу мамилелер өзгөчө достук жана стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД