Паспортун жоготкон чет элдик туристке жергиликтүү милиция жардам берди

Ысык-Көл облусунда эс алууга келип, паспортун жоготуп алган Словениялык адамга милиция кызматкерлери жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик милициясынын call-борборуна Словения мамлекетинин жараны кайрылып, облус аймагында саякаттап жүрүп, паспортун жоготуп алганын билдирген.

Туристтин кайрылуусун кабыл алган милиция кызматкерлери аны менен жолугушуп, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө коштоп келишкен.

Милиция бөлүмүндө түшүнүк кат алынып, ага паспортун жоготуп алгандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылган. Андан тышкары, паспортун калыбына келтирүү боюнча юридикалык жардам дагы көрсөтүлгөн.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынан билдиргендей, туристтерге кызматтарды сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү максатында, алардын базасында call-борбор уюштурулуп, анда чет элдик турист же эс алуучу 0705009102 номерине чалып, англис же орус тилдеринде коопсуз эс алуу, же болбосо аймакты жакшы билишпесе, ал жерге кандай багыт алуу боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алышат.

Июнь айынан башынан тарта аталган борборго чет мамлекеттерден келген туристтерден 30га жакын кайрылуу келип түшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД