Соңку суткада 382 кишиден вирус аныкталып, 7 бейтап каза болду

Кыргызстанда 11-августка карата коронавирус дагы 382 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 218, Ош шаарында - 5, Чүй облусунда - 52, Ош облусунда - 17, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 10, Ысык-Көл облусунда - 39, Жалал-Абад облусунда - 11, Баткен облусунда - 25 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 771 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 132, Ош шаарында - 6, Чүй облусунда - 224, Ош облусунда - 27, Талас облусунда - 13, Нарын облусунда - 42, Ысык-Көл облусунда - 74, Жалал-Абад облусунда - 118, Баткен облусунда - 135 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 455 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 31 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 634 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 183 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 51 киши айыгып чыкса, 2 миң 420 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД