Токтогулда ажаатканага түшүп кеткен ымыркай куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы Сарагүл көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салгандыгы туралуу куткаруучуларга маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, ымыркайды алып чыгышып, ИИМ жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда ымыркайдын абалы орто.