Жыл башынан бери картошка 30,7% га кымбаттады

Ушул жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республикада керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 7%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Алсак, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 10%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына - 8,3%га, азык-түлүк эмес товарларга - 4,7%га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер - 1,5%га жогорулады.

Бул мезгил аралыгында гречкага - 32,9%, картошкага - 30,7%, жаңы чыккан жашылчаларга - 26,7%, өсүмдүк майларына - 23,1%, кумшекерге - 21,3%, кой этине - 19,5%, жаңы чыккан жемиштерге - 18,7%, чочко этине - 18,6%, балык - 9%, уй эти - 7,7%, алкоголсуз суусундуктар - 4,8%га баанын эң чоң өсүшү байкалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД