Чүйдө турак жайдан өрт чыгып бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-августка караган түнү Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Степной айылындагы турак жайдан өрт чыгып, толук күйүп кеткен. Үйдүн ичинен 1978-жылы төрөлгөн Л.В. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Учурда өрттүн себеби такталууда.