Асылбек Жээнбеков камакта калтырылды

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын карап, Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калат.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков ушул жылдын 31-майында "Кумтөр" ишине байланыштуу эки айга камакка алынган.

Аны менен кошо депутат Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалган. Исхак Пирматов үй камагына чыгарылган. Ал эми мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүлүп, чет жерге дарылануусуна уруксат берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД