Кыргызстанда киши өлтүрүү менен зордуктоо кылмыштары көбөйгөн

2021-жылдын 6 айында Кыргызстанда киши өлтүрүү менен зордуктоо кылмыштары көбөйгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана каттоого алуу башкармалыгынын кылмыш-укуктук статистикасы жана анализин калыптандыруу бөлүмүнүн башчысы Эмиль Чамбаев билдирди.

Анын айтымында киши өлтүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштарганда 20 фактыга көбөйгөн.

-Оор зыян келтирүү 1 фактыга аз.

-Өлүмгө алып келген оор зыян келтирүү 5 фактыга аз.

-зордуктоо 30 пайызга көп

-уруп сабоо 20 пайызга аз

"Бул уку коргоо органдары кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүүсү кажет экенин көрсөтүп турат",-деп айтты Чамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД