АЙРАН ЖАНА АНЫН СУУСУНУН ПАЙДАСЫ!

Айран менен сүт азыктарынын сары суусу сулуулук жана ден соолук үчүн пайдалуу экени белгилүү. Бирок, көптөр аларды кантип пайдаланууну так биле бербейт. Буга байланыштуу аталган азыктарды колдонуунун жолдорун сунуштайбыз.

Айран

Саламаттыкта

Организмди шлактардан тазалоочу табылгыс азык. Бул үчүн башка тамак-аштарды биротоло чектеп, 3 же 5 күн бою айранды гана ичип туруу керек.

Тамак ичүүгө табит тартпай турганда айран ичиңиз. Анын жагымдуу даамы ашказан бездерин иштетип, мунун эсебинен табит ачылат.

Айран тамак сиңирүүчү каражат катары да жакшы жардам берет. Тамагыңыз сиңбей кыйналсаңыз айрандан бир стакан ичип койсоңуз, 50-60 мүнөттө жегениңиз аш болот.

Майлуулугу жокко барабар болгон айранды ичип турса, ал жүрөк кемтиги, атеросклероз, миокард инфаркты сыяктуу кан тамыр ооруларынын өөрчүүсүн басаңдатат.

Өзүңүздү алсыз сезип, сасык тумоо айланчыктап турганда айран ичип туруңуз. Ал иммунитетти бекемдеп, ооруга каршы турууга жардам берет.

Комплекстүү аллергияга жакындыгы бар болгон шартта да айран ичип туруу керек. Ал аллергияга чалдыгуудан натыйжалуу коргойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД