Бекешев: Жириновскийдин айткандары ойдон чыгарылган жөн гана куру сөздөр

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев орус саясатчысы Владимир Жириновскийдин Кыргызстандагы орус тилине кысым көрсөтүлүүдө деп Орусиядагы кыргыз элчилигинин алдында митинг өткөргөнү тууралуу билдирүү жасады.

Ал Жириновскийдин бул аракетин жөн гана шайлоо алдындагы куру популизм катары сыпааттаган.

"Кечээ Жириновский биздин өлкөдө орус тилине кысым көрсөтүлүүдө деп чырылдап чыкты. Бул жөн гана куру сөздөр. Эми Орусиядагы депутаттыкка талапкерлер КМШ өлкөлөрүнө жана ал мамлекеттерден барган мигранттарга асыла башташса таң калуунун кереги жок. Бул жөн гана ойлоп табылган, келесоолук саясий реклама",- деди эл өкүлү.

Бирок ал мына ушундай орус саясатчыларынын ойду-тоону сүйлөгөнүнөн кыргыз мигранттар запкы тартып калуусу мүмкүн деген чочулоосун дагы билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД