Акыркы суткада 21 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда бир суткада коронавируска каршы 21 миң 746 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 476 адам вакцинанын биринчи дозасын, 13 миң 270 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 555 миң 118 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 201 миң 394 жаран экинчи компоненти менен эмделди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД