Данияр Нарымбаев абакта калтырылды

11-августта Бишкек шаардык соту президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин адвокатынын апелляциялык арызын карап, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Нарымбаевди 30-сентябрга чейин абакта калтырган. 9-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны "Кумтөр ишине" байланыштуу айыптап, "Коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев учурда коронавирус менен ооруп Бишкектеги "Бикард" жеке клиникасында дарыланууда.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Кумтөр иши боюнча бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлер кармалды, айрымдары суракка чакырылып жатат. Буга чейин Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун дагы ишин карап, 31-июлга чейин камакта калтырган. 11-августта шаардык сот Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны 30-сентябрга чейин камакта калтырды. Ал эми Зулпукаровдун бөгөт чарасы азырынча карала элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД