Садыр Жапаров бир катар өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11 -августта, өлкөдө аккредитацияланган бир катар чет өлкөлүк атайын жана ыйгарым укуктуу элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Вьетнам элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань, Египеттин элчиси Маналь Аль Сайед Яхья Аль Шиннави, Шри Ланканын элчиси Мохан Вижевикрама, Бразилия элчиси Рубем Антонио Корреа Барбоза, Австрия элчиси Вилли Кемпель, Исландия элчиси Аурни Тор Сигурдссон Камбоджанын элчиси Ким Хенг Меас жана Уганданын элчиси Мухаммад Тезикуба Кисамбира тапшырышты.

Дипломаттарды Ардак кароол тосуп алган соң салтанаттуу азем башталды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө элчилерди дайындалышы менен куттуктап, алардын жигердүү жана максаттуу алып бара турган иштери Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди дагы да бекемдейт деген ишенимин айтты.

Ал бүгүнкү азем маанилүү окуянын босогосунда - Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканын белгиледи.

Өлкө башчысы мамлекеттин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык-айкындыкка, тең салмактуулукка жана тынчтыкты сүйүүгө негизделген тышкы саясатынын негизги принциптерине да токтолду.

Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо, демократиялык принциптерди бекемдөө, көз карандысыз сот системасын калыптандыруу, социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана элдин жашоосун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде элчилер өлкөлөр ортосундагы достук алакаларды жана көп кырдуу кызматташууну чыңдоодо жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД