Молдошева кызматтан алынып, Кыргызпатентке жаңы жетекчи келди

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Динара Молдошева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Мамлекет жетекчисинин дагы бир жарлыгы менен аталган кызматка Рахат Керимбаева дайындалды.

Эскерте кетсек, Молдошева Кыргызпатенттин жетекчилигине 2018-жылдын 3-майында келген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД