Мамбетов ишкерлерди биргеликте иш алып барууга чакырды

Бүгүн, 11-августта Ош шаарында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиковдун Ош шаарынын жана Ош облусунун бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу өтүүдө.

Иш -чарага Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов да катышып, ишкерлерди шаардагы бир катар келечектүү долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга үндөдү.

"Менин да социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бир катар сунуштарым бар. Биринчиден, бул - ипотекалык турак жай, жаш ишкерлердин стартаптарын колдоо. Ош шаарындагы курч көйгөй - коомдук транспортту модернизациялоо. Мен бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн бул багытта кызматташууга чакырам. Биз сиздерге шаарды айланып өтүүчү даяр маршруттарды берүүгө даярбыз, газ жабдуулары боюнча автобустарды киргизүүнү кароого даярбыз. Биз биргеликте шаар калкына сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча долбоорду ишке ашыра алмакпыз", - деди Мамбетов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД