Сырттан келген дан менен буудай 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду

Сырттан ташылган дан жана ун жеткирүүлөр 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Токтомго ылайык кошумча нарк салыгы быйылкы жылдын 1-августунан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейин алынбайт:

– түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан унду кайра иштетүүгө арналган данды импорттоо боюнча;

– түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан өндүрүлгөн унду салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча.

Токтом базардагы ундун баасын турукташтыруу үчүн жасалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД