Пандемиянын айынан Кыргызстандын туризм тармагындагы жоготуулар 80% болду

Кыргызстанда дүйнөлүк коронавирус пандемиясынын айынан туризм тармагы көп [/жоготууга учурады. Бул тууралуу 11-августта Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди:

"Туризм жаатындагы жоготуулар 80% жеткенин аныктадык. Бул сектордун ишмердүүлүгүнүн 15% жакыны, тилекке каршы, жабылганы такталды. Кээ бирлери убактылуу мөөнөткө, ал эми кээ бирлери мындан ары иш жүргүзүүгө мүмкүн болбой калгандыктан жабылганын билдиришти".

Коронавирус пандемиясы дүйнөлүк туризмдин тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй жоготууларга алып келгенин, 2020-жылдын жыйынтыгы менен жоготуу 1,3 триллион доллар деп эсептелгенин Бириккен Улуттар Уюму быйыл январь айында билдирген.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузуп алган алгачкы бейтап 2020-жылдын мартында катталган. Бүгүнкү күндө бул ооруну жугузуп алгандар 170 миңден ашты, каза болгондор 2,5 миңге чамалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД