Мэрияда "Иштиктүү кыргыз тили" окуу курсу жыйынтыкталды

"Иштиктүү кыргыз тили" окуу курсу жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү 2021-жылдын июнь-июль айларында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча "Иштиктүү кыргыз тили" окуу курсун өткөрдү.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстар мэриянын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын кызматкерлери үчүн уюштуруп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД