Жириновский азербайжандык дипломатка кылмыш ишин козгоону талап кылды

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский азербайжандык дипломатты бардык орус улутундагы адамдарды мазактады деп Азербайжандын президенти Илхам Алиевден ага кылмыш ишин ачууну талап кылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Азербайжандын Беларусь, Молдова жана Пакистандагы мурдагы элчиси Исфандияр Вагабзадемин аттуу адамдын Жириновскийди жана орус улутундагы адамдарды кемсинтип, "чочколор" деген сөздөрдү айткан видеосу тараган.

"Биз дипломатка кылмыш ишин козгоо талабы менен Азербайжандын башчысына кат жөнөтөбүз. Анткени анын айткандарынын баары мазактоо. Бул орто кылымдагы жапайычылык. Мындайды карапайым адамдар дагы айтпайт, ал болсо профессор экен", - деген Жириновский.

2-августта Бишкектеги балдар паркында сатуучу кызды орусча жооп бергендиги үчүн Кыргыз жараны калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Буга Жириновский нааразычылыгын билдирип, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин алдына митингге чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД