Лейлекте Тажикстан тараптан атылган ок оорукананын терезесине тийди

Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстан тараптан атылган ок оорукананын терезесин тешип өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-августта саат 15:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан ок атылганы угулган. Ок Интернационал айылындагы аймактык оорукананын имаратынын экинчи кабатындагы терезени тешип өткөн. Ал жерден 5,45 мм калибриндеги АК-74 автоматынын огу табылган.

Октон жаракат алгандар жана жабыркагандар жок. Учурда компетенттүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтешүүдө.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, тажик тарап Интернационал айылына чектеш жайгашкан өздүк курамдын курал-жарагын текшерүүдөн өткөрөөрүн маалымдаган.

Саат 17:00до Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда тажик тарап өткөргөн текшерүүнүн жыйынтыгында Тажикстандын чек арачылары курал колдонушпагандыгын билдиришти. Ошону менен бирге ок кокусунан атылган болушу мүмкүн экендигин Тажикстандын чек ара өкүлү белгиледи. Жолугушуунун катышуучулары ар бир тарап окуянын чоо-жайын өз алдынча иликтөөгө алуу чечимин кабыл алышты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД