Кыргызстанда 12-августка карата коронавирус дагы 417 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 201, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда - 83, Ош облусунда - 13, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 16, Ысык-Көл облусунда - 38, Жалал-Абад облусунда - 14, Баткен облусунда - 27 адамдан илдет табылган.
"Ал эми бир суткада 743 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 111, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 261, Ош облусунда - 35, Талас облусунда - 10, Нарын облусунда - 37, Ысык-Көл облусунда - 92, Жалал-Абад облусунда - 119, Баткен облусунда - 76 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 382 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 771 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 639 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 221 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 770 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 794 киши айыгып чыкса, 2 миң 426 адам каза болду.