Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп Абай Молдокматов дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун 11-августтагы жарлыгы менен башкы прокурордун биринчи орун басары Нуркамал Набиев кызматынан бошотулду. Анын ордуна Абай Молдокматов дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчы дагы жарлыгы менен башпрокурордун орун басары Рысбек Альчиновду кызматтан бошотту. Бошогон орундарга Кумарбек Токтакунов жана Кубан Адыл уулу дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД