КР менен РФтин эриш-аркак жылынын алкагында 12-14-август күндөрү Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында Россия элдеринин руханий маданиятын көрсөтүүгө багытталган бир катар иш-чаралар уюштурулат.
12-август
Кыргыз улуттук филармонияда Россиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өтөт. Ага Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашеванын фольклордук топторунун аткаруусундагы "Фольклор - Россиянын жаны" аталышындагы концерт тартууланат. Ал эми филармониянынын фойесинде көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмө уюштурулуп, Россиянын субъектилеринин өкүлдөрүнүн кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстары менен коштолот.
13-август
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Михаил Швыдкой менен жолугушуу
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылуу аземи күздө өтөт
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Россиянын руханий-маданий мурасына жана улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган "Низаминин сюжеттери жана сүрөттөрү: Чыгыш менен Батыштын диалогу" көргөзмөсү ачылып, ал 1-сентябрга чейин уланат.
Улуттук филармонияда Санкт-Петербург митрополиясынын хору концерт берип, сахнада XX кылымдагы мыкты чыгармалар жаңырат.
Мындан сырткары, Россия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференция жана соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү жыйыны болот.
14-август күнү саат 17:00дө Кант шаарында Санкт-Петербург митрополиясынын хору концерт берери күтүлүүдө.