Кыргызстанда сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 34 бөлүм тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 7, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусуда 2, Жалал-Абад облусунда 8 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры, 20 түк саман жана 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылында ачык аянтта 1500 чарчы метр куураган чөп, 3 даана дарааткана жана 5 жыгач терезе күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Бишкек-Ош унаа жолунда "Ауди-100" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа толук күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД