Кыргыз-тажик чек араcындагы жаңжалдын чыгымы 1,3 млрд сом болду

Баткен облусунда 28-апрелден 1-майга чейин уланган Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чатагынын чыгымы 1,3 миллиард сом болду.

Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов билдирди.

"Баткендеги чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 305 миллион сом болду. 140 үй, сегиз коомдук имарат, 76 коммерциялык жай өрттөлгөн. Үйлөр кайра курулуп, ишкерлерге үстөксүз, күрөөсүз насыя берилип жатат. Жарактан чыккан мамлекеттик стратегиялык жолдор кайра калыбына келүүдө".

Азыркы тапта Баткенде турак жай, социалдык имараттар жана коммерциялык жайларды кайра куруу жаатында толук кандуу иштер жүрүп жатат.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД