COVID-19: Бишкекте эмдөө темпи төмөн болууда

Коронавируска каршы ыкчам штаб 12-августта эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшүн талкуулады. Өкмөттүн маалыматына караганда, жыйында Бишкек шаарында эмдөө темпи начар болуп жатканы айтылып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова борбор калаанын ар бир району боюнча анализ жүргүзүлөрүн, жыйынтыгына жараша тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине калкты каттоо борборлорунда, почта бөлүмдөрүндө кошумча эмдөө бекеттерин ачуу тууралуу тапшырма берилди.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алышы керек болгондор боюнча көрсөткүч 12-августка карата 32 процентке жетти, эмделгендердин жалпы саны 781 миңден ашты.

Эмдөөдөн өткөн 781 миң адамдын 217 миңи вакцинанын эки дозасын тең алгандар.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген. 3,4 миллиондун 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 проценти эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

2020-жылдын март айынан бери бул илдет менен расмий түрдө катталгандардын саны 170 миңден ашты, алардын 2,5 миңдейи каза болду.

Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД