Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ал жаңы мэр шайланганга чейин калаа башчысынын милдетин аткарары айтылды.
Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.