Антисанитардык шарттар үчүн бир нече ишканага айып салынды

Антисанитардык шарттар үчүн коомдук тамактануучу жана акча алмаштыруучу жайларга айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

"Тазалык" МИнин кызматкерлери тарабынан Жибек-Жолу менен Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде стихиялык товар саткан соодагерлердин антисанитардык абалы тууралуу арыз түшкөн. Биз Биринчи май райондук администрациясына мыйзамсыз соодагерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Натыйжада уруксатсыз соода кылган 7 пункт алынып, ирээтке келтирилди.

Дагы бир мыйзам бузуу "Оазис" тез тамактануучу жайында катталган. Алар таштандыларды атайын жакын жайгашкан челектерге таштаган эмес. Бузуучуларга Кыргыз Республикасынын "Бузуулар" жөнүндө Кодексинин 1-бөлүгүнүн, 71-беренеси боюнча 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле, "Талисман" акча алмаштыруу жайы, Кулмурзаева №291/1 дарегиндеги авто кызматы, Токомбаев көчөсү№52/1 дарегиндеги "Субару" кампасы өзүлөрүнө тиешелүү аймактагы тазалыкты сактаган эмес. Бул үчүн аларга Кыргыз Республикасынын "Бузуулар" жөнүндө кодексинин 70-беренеси боюнча айып салынган. Айып жеке адамдар үчүн 3 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД