Айбек Жунушалиев 1976-жылы 6-июнда Чүй облусуна караштуу Кегети айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
1997–1999 - КММУ слесарь-сантехник;
2000–2004 - КММУ окутуучу;
2000–2006 - Чүй облустук администрациясында жаштар иши боюнча комитеттин башчысы, "Чүй облусунун жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин башчысы;
2006 - Чүй аймактык билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгында жетекчинин орун басары;
2006–2007 - Чүй облустук администрацияда социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2007–2008 - өкмөттүн аппаратында билим берүү, маданият, дин, спорт жана жаштар менен иштешүү бөлүмүндө референт;
2008–2009 - президенттин жарандарды жана каттарды кабыл алуу секторунун башчысы;
2009–2010 - президенттин администрациясында уюштуруу жана көзөмөлдөө иштери боюнча сектордун эксперти;
2010 - Чүй облустук администрациясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн башчысы;
2010–2014 - өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүндө аппарат жетекчи;
2014–2015 - өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2015 - Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы.
2021-жылы өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Май айында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.