Улуттук курама команда узак тыныгуудан кийин өзүнүн аренасына кайтып келет. Азия Кубогу-2023 тандап алуу оюндарына даярдыктын көрүү үчүн бул күздө Улуттук курама бир нече жолдоштук беттештерди өткөрөт.
Биринчи жолдоштук беттеш Палестина улуттук курамасы менен орун алат. Оюн 2-сентябрда Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.
Оюн, күйөрмандардын стадионго кирүүсү, билеттер тууралуу кененирээк маалымат жакынкы убакытта жарыяланат.