Бишкектеги "Ынтымак" паркында кыздар менен балдар мушташы орун алды. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазып чыгып, видеосун жарыялады.
Тасмадан көрүнгөндөй жаңжал таштандыдын чыккан. Унаада отурган балдар таштандыны туш келди ыргытып, ага нааразы болгон кыздар менен талашып-тартыша кетишкен.
Анын аягы жаңжалга айланып, бири-бирине кол көтөрүүгө чейин жеткен.