Бул жылы "Оймо" фестивалы Ысык-Көлдө эмес, башка облуста өткөрүлөт

Бул жылы кол өнөрчүлүк боюнча "Оймо" фестивалы Бишкекте жана Нарында өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигиннин маалымат борборунда фестивалдын директору Динара Чочунбаева билдирди.

Жыл сайын бул фестиваль Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун жээгинде июль айынын соңунда болчу. Бул жылы 24-25-августта Нарында "Шырдак" фестивалы менен биргеликте, 27-31-августта "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында болот.

"Бул ирет Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралар болот. Ага кол өнөрчүлөрдөн тарта искусство өкүлдөрү жана таланттуу жаштар катышат", - деди Чочунбаева.

Бишкекте өтчү бөлүгүнө кыргызстандыктардан тышкары Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринен келген кол өнөрчүлөр катышат. Фестивалдын алкагында мастер-класстар, мода көргөзмөсү сыяктуу маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Фестивалдын негизги максаты - маданий мурастарды сактоо жана Кыргызстанды экологиялык туризмдин борборуна айландыруу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД