Россиядан келген 2 альпинист көз жумду

Кыргызстанда дагы 2 чет өлкөлүк альпинисттин өмүрү кыйылды.

8-августта россиялык Валентин Михайлов көз жумган. Ал Санкт-Петербургдан келген альпинисттердин тобу менен Жеңиш (7439 м) чокусуна "Абалаков маршруту" аркылуу жөнөгөн. Бирок кар алдында калган.

12-августта Россиядан келген дагы бир альпинист каза тапканы белгилүү болду. Сергей менен жубайы Наталья Хан-Тенгрине (7010 м) багыт алышкан. Бирок орто жолдо Сергейдин абалы оорлоп баштаган. 6800 метр бийикке жеткенде ал өз алдынча жүрө албай калган.

Алар 8-августта "Түштүк Эңилчек" базалык лагерине байланышкан. Бирок ал жактан ушундай бийикте Наталья жолдошуна жардам бере албастыгын айтып, аман калуу үчүн өзүн лагерге кайтууга чакырышкан. Ага макул болбогон Наталья Сергейдин жанында болуп, кийинки күнү куткаруу тобу 6800 метр бийикке чыгып, аларды табышкан. Бирок Сергейди алып кетүүгө мүмкүн болбой, ал 11-августта көз жумду.

Буга чейин Жеңиш чокусун көздөгөн ирандык альпинисттер трагедияга учураганы белгилүү болгон.

5 альпинисттин ичинен экөө - Улуу Британиянын жараны, түбү ирандык Мехри Жафари (аял киши) жана Ирандын жараны Реза Адинех дайынсыз.

Мехри Жафари ирандык альпинисттер менен биргеликте 2021-жылдын 18-июлунда Жеңиш чокусун (7439 метр) багындыруу үчүн Кыргызстанга келген. 1-августта акклиматизациядан кийин топ Түштүк Эңилчек базалык лагеринен Жеңиш чокусуна жөнөп кетишкен.

4-август күнү саат 16:00 чамасында (Бишкек убактысы боюнча) спутник телефону аркылуу ошол учурда тоого чыгып жатышкан венгриялык альпинисттерден билдирүү келип түшкөн. Алар болжол менен 6300 метр бийиктен кулап бараткан кишини көргөнүн кабарлашкан.

Ирандан дагы бир альпинист Адиен Реза чокуга көтөрүлүү учурунда кулаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Реза тоо тараптан Кытайды көздөй кулап кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД