Өзбекстан "Спутник V" вакцинасын чыгарат

Ташкенттеги Jurabek Laboratories компаниясы Орусиядагы Н.Ф. Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология борборунун сапат көзөмөлүнөн өтүп, кийинки жумадан тарта "Спутник V" вакцинасын чыгарары жарыяланды. Бул тууралуу компаниянын директору Фаррух Лутфуллаев орусиялык маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, компания өндүргөн вакцинанын сапаты боюнча аны иштеп чыккан Орусиядан оң жооп алган.

Жакында бул компания Орусиядан чийки затты алып келип, вакцинаны өндүрүштүк көлөмдө чыгара баштайт.

Буга чейин Москва менен Ташкент Өзбекстанда орусиялык вакцинаны өндүрүп чыгаруу боюнча макулдашууга жетишкени кабарланган.

Быйыл жыл башында Орусиянын "Спутник V" вакцинасы Кыргызстанда дагы чыгарылышы мүмкүн экени айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД