АКШ Ооганстанга 3 миң аскерин жөнөттү

Кошмо Штаттар Ооганстанга убактылуу 3 миң аскер кызматкерин жөнөтөт. Алар Кабулдагы элчилик кызматкерлерин эвакуациялоону камсыздайт.

Бул тууралуу бейшембиде Мамлекеттик департамент менен Пентагон кабарлады. Мунун алдында "Талибан" кыймылы ири шаарларды басып алганы маалым болгон.

Мемлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайстын билдиришинче, АКШнын Кабулдагы элчилиги жабылбайт, бирок кызматкерлеринин саны болушуна кыскарат. Айрым маалыматтарга караганда, элчиликтин миңден ашуун кызматкери Ооганстандан кетет.

Пентагон америкалык аскерлер Ооганстанга 48 саат ичинде жетип, Кабулдагы аэропортко жайгашарын билдирди. Алардын миссиясы кызматкерлерди көчүрүү менен чектелет. Муну менен бирге АКШ америкалык аскерлер менен кызматташкан, визасы бар, өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган ооганстандыктар үчүн аба каттамдарын көбөйтөт.

АКШ аскерлерин Ооганстанга жибериши күтүлбөгөн кадам болду. Бул талибдерин чабуулунун өтө тездик менен күчөгөнүнөн кабар берет. Кошмо Штаттар августтун аягына чейин Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүгө тийиш. Ушул тапта ал жакта 650дөй америкалык аскер калды. Алар Кабул аэропорту менен АКШ элчилигин коргоп жүрүшөт.

Атайын кызматтардын божомолу боюнча талибдер Кабулду 1-3 айда өз көзөмөлүнө алышы мүмкүн. Бейшембиде Газни, Герат Кандагар "Талибандын" көзөмөлүнө өткөн. Ооганстан бийлиги Газни менен Гераттан айрылганын мойнуна алган.

1996-2001-жылдары Ооганстандын көп бөлүгүн көзөмөлдөп турган топ "Аль-Каида" террордук тобунун башчысы Усама бен Ладенди жашырганы үчүн кулатылган. Эми бул кыймыл кайра бийликти өз колуна алууну көздөп жатат


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД