Чаткалда автоунаа ала салып жүргүнчүлөрдүн бири каза болду

Чаткалда автоунаа ала салып жүргүнчүлөрдүн бири каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Жалал-Абад облусунун Чаткал району Ак-Таш айылында 12-августта болгон. Анда Volkswagen-Golf-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен бир жүргүнчүсү (Ж.З. 1976-ж.т.,) эркек киши, ошол жерде каза болгон.

Айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ар кандай жаракат алып Чаткал райондук ооруканасына жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД