Президент милицияга ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүүгө каршы

Президент Садыр Жапаров милицияга ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүүгө каршы. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгеси боюнча өз позициясын билдирди.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек. Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин - коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн участокто кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди аткарууга милдеттүү.

Ал азыркы учурда өлкөдө текшерүүлөрдүн азайышы жана инвестицияларды тартуу менен ишкердик кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин участкалык милиция кызматкерлерине аталган ыйгарым укуктарды берүү демилгесине караманча каршы чыгат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД